Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 11:06
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.945
0.970

Улукбек Кочкоров: Мамлекеттин ичиндеги өз ара саясий, социалдык пикир келишпестиктерди жөнгө салуу ЖККУнун иши эмес

07.01.2022 13:22
2460
Улукбек Кочкоров: Мамлекеттин ичиндеги өз ара саясий, социалдык пикир келишпестиктерди жөнгө салуу ЖККУнун иши эмес


Боордош казак туугандар баштан кечирип жаткан оор кырдаалга ар бир кыргыз тынчсызданып турган кези. Албетте, абал оор. Бирок, абалдан чыга турган жолдор бар. Бизде азыр Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ОДКБ) алкагында Казакстанга аскер киргизүү маселеси турат. Бул туура эмес кадам.

Биринчиден, мамлекеттин ичиндеги өз ара саясий, социалдык пикир келишпестиктерди жөнгө салуу ЖККУнун иши эмес. Казак эли террорист эмес.

Экинчиден, кыргыз жоокерлери Казакстандагы мекеме-жайларды гана кайтарууга алат деген кепилдик жок. 2005, 2010, 2019-жылдары биздеги башаламандыкта эл өзү эле элдик кошуундарды түзүп, маанилүү делген мамлекеттик, менчик мүлктөрдү кайтарып сактап калган. Казак эли да мына ушундай эле жол менен мүлкүн бүлгүндөн сактап кала алат.
Үчүнчүдөн, Казакстанда иштеп жан багып келаткан 10 миңдеген жарандарыбыз бар. "Кыргыз жоокери казакка ок аткан" деп мекендештерибизди убайымга салышаары анык.

Ошондуктан, Жогорку Кеңеш ушул маселени карап, добуш берээрде мына ушул жагдайларды эске алып, аскерлерибизди кошуналарга жиберүүгө каршы болушу абзел.

Эң негизгиси казак эли мындай оор сыноолорду эзелтен акылга салып, өздөрү абалдан чыгып келишкен. Ички маселелерин ийри отуруп, түз кеңешип чечишип алаар улуу эл.

Улукбек Кочкоров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн