Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Улукбек Марипов ЕККУнун өкүлүн сыйлады

26.02.2021 21:00
700
Улукбек Марипов ЕККУнун өкүлүн сыйлады

Премьер-министр Улукбек Марипов ЕККУ Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Арксты анын өлкөдөгү миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.


Жолугушуу алкагында тараптар Кыргыз Республикасы жана ЕККУ ортосундагы кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулады, анын ичинде алдыдагы шайлоо процессине, «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү» демилгесине, санариптештирүү, мамлекеттик башкарууну реформалоо, ошондой эле өз-ара кызматташтыктын башка маселелерине байланыштуу маселелер талкууланды.


Өз кезегинде Пьер фон Аркс уюмдун Өкмөт менен жемиштүү кызматташууну улантууга даярдыгын белгиледи.


Жыйынтыгында өкмөт башчы Улукбек Марипов Элчи Пьер фон Арксты Кыргыз Республикасындагы коопсуздук, экономика жана билим берүү тармагындагы долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн