Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:31
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Улукбек Марипов Россия элчиси менен жетишилген макулдашууларды аткаруу иштерин талкуулады

04.03.2021 18:32
675
Улукбек Марипов Россия элчиси менен жетишилген макулдашууларды аткаруу иштерин талкуулады

 Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Өкмөт башчы белгилегендей, Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү, жакын досу, мамлекеттерди тарыхый жана маданий түйүндөр байланыштырып турат.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык, экономикалык кызматташтык, инвестициялык климатты жакшыртуу багыттарына тийиштүү, биргелешкен кыргыз-россия долбоорлорун колдоо боюнча жана өз ара кызыкчылыктагы өнөктөштүктүн башка актуалдуу маселелеринин топтому талкууланды.

Премьер-министр баса белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарында эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча өкмөт тийиштүү иштерди жүргүзөт.

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченко өз кезегинде кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө даяр экендигине ишендирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн