Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Улут, регион аралык кастыкты козутуу. Депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбековго кылмыш козголду

06.12.2021 18:03
1173
Улут, регион аралык кастыкты козутуу. Депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбековго кылмыш козголду


Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда №30 Ысык-Ата районунун депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун катышуусунда видеотасма жарыяланган.

"Бул чагымчыл видеодо А.Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат", - деп айтылат билдирүүдө.

2021-жылдын 4-декабрында А.Таштанбековдун аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу") каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголгон.

2021-жылдын 6-декабрында тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн А.Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылуу жөнөтүлгөн.

Жогорудагы кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, А.Таштанбековдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн