Бугу 20, 2024
Убакыт: 05:23
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улуттук банк 19-мартта 3,7 млн. доллар сатты

20.03.2020 09:04
1093
Улуттук банк 19-мартта 3,7 млн. доллар сатты


Улуттук банк 19-мартта 3,7 млн. доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.  


Маалыматка ылайык, Улуттук банк сомдун курсун төмөндөөсүнө жол бербөө үчүн 19-мартта валюта базарына 3 миллион 700 миллион доллар чыгарган.  


Белгилей кетсек, 19-март күнү түштөн кийин улуттук валюта доллар менен еврого карата күчүн кескин жоготту. Өлкөдөгү айрым коммерциялык банктар 1 АКШ долларын 85 сомдон, 1 еврону 92 сомдон сата башташты.


Буга чейин, бир нече жылдардан бери 69 сомдун айланасында туруктуу сакталып келген доллар 10-мартта кескин кымбаттаган. Улуттук банк ал күнү сомдун кунун кармоо үчүн акча базарына 53,7 млн. доллар саткан. Натыйжада 1 АКШ долларына карата 72,85 сомдук курс бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген. Долларды улай көтөрүлгөн евро 79 сомдун айланасында сатылып жаткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн