Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:39
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Улуттук банк 5 айдан бери алгачкы жолу интервенция жасады

28.09.2021 11:54
989
Улуттук банк 5 айдан бери алгачкы жолу интервенция жасады

Дүйшөмбү күнү, 27-сентябрда, Улуттук банк 31,1 миллион доллар сатканы туурасында маалымат аталган банктын сайтына жайгаштырылды.


Бүгүн кечээкиге караганда долларды сатып алуу курсу 5 тыйынга түшүп, ал эми сатуу мурдагы деңгээлинде (84,9 сом) кармалып турат.


Бул беш айдан бери биринчи ирет жасалган интервенция. Башкы банк акыркы ирет чет элдик валютаны 29-апрелде саткан. Анда көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 62 миллион доллардан ашкан.


Жыл ичинде өлкөнүн башкы банкы жети ирет интервенция жасап, жалпысынан 303 миллион 550 миң доллар саткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн