Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Улуттук банк акыркы убакта доллардын сомго карата курсу эмне үчүн төмөндөп жатканын түшүндүрдү

28.05.2024 11:29
564
Улуттук банк акыркы убакта доллардын сомго карата курсу эмне үчүн төмөндөп жатканын түшүндүрдү


Улуттук банк акыркы убакта доллардын сомго карата курсу эмне үчүн төмөндөп жатканын түшүндүрдү.


КР Улуттук банкынын экономика бөлүмүнүн башчысы Мамбеткул кызы Айнуранын айтымында, республикада өзгөрүлмө алмашуу курсу режиминин алкагында валютага болгон суроо-талап менен сунушту жана анын динамикасын рынок өзү аныктайт. Бүгүнкү күндө өлкө валюта курсунун ийкемдүүлүгүн сактап турат.


«Азыр чет элдик валютага суроо-талап азайып, сунуш көбөйдү. Ошого жараша бул валюта курсуна таасирин тийгизет. Улуттук банк интервенцияларды жасап жатат, бирок кескин олку-солкуларды текшилөө үчүн гана», - дейт Мамбеткул кызы Айнура.


Акыркы 24 саатта орус рубли менен евронун сомго карата курсу жогорулады. Теңге өзгөрүүсуз калган болсо, доллардын курсу төмөндөдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн