12-январда Улуттук банк 2022-жылга карата алгачкы интервенциясын жасады. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Улуттук банк доллардын сомго карата кунун сактап туруу максатында 70,1 миллион доллар сатууга чыгарган.
Эскерте кетсек, буга чейинки интервенция 2021-жылдын 27-декабрында жүргүзүлүп, анда 65,95 миллион доллар сатууга чыгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн