Кыргызстандын Улуттук банкы 10-мартта интервенция жасап, валюта рыногуна 59,30 млн доллар сатты.
Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, анын 39,85 млн доллары накталай түрдө сатылган.
2022-жылдын башынан 11-мартка чейин доллардын сомго карата расмий курсу 21,61%га өсүп, 1 АКШ доллары үчүн 84,8000 сомдон 103,1214 сомго чейин жогорулаган.
2022-жылдын башынан 10-мартка чейин Улуттук банк 284,30 млн АКШ доллары өлчөмүндө чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция жасаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн