Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 16:11
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде сактап калды


Улуттук банк башкармалыгы 28-апрелде эсептик ченди (негизги ченди) 9 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды.


Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, чечим 2025-жылдын 29-апрелинен тартып күчүнө кирет.


"Кыргызстанда керектөө жана инвестициялык суроо-талаптын кеңейишинен улам жогорку экономикалык жигердүүлүк сакталууда. 2025-жылдын январь-март айларында ИДӨнүн реалдуу өсүшү (2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда) 13,1 пайызды түздү. Экономиканын өсүшүнө кыйла көп салымды кызмат көрсөтүү, курулуш жана өнөр жай сектору кошкон", - деп айтылат маалыматта.


Белгиленгендей, өлкөдө баа динамикасы орточо чекте сакталып турат. 2025 -жылдын башынан тартып, керектөө бааларынын өсүшү 1,96 пайызды түзгөн, ошол эле учурда жылдык инфляциянын көрсөткүчү 6,9 пайыз деңгээлинде түптөлгөн (2025-жылдын апрель айы/2024-жылдын апрель айына карата), бул инфляция боюнча орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыз чегинде сакталууда.


Инфляциянын товардык түзүмүндө баа динамикасы боюнча олуттуу өзгөрүү болгон жок, ошол эле учурда азык-түлүктөн башка компонентте жана кызмат көрсөтүүлөрдө баалардын өсүш арымынын басаӊдашы уланган.


Ошону менен бирге, тышкы экономикалык чөйрө соода чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу жаңы чакырыктардын натыйжасында геосаясат мүнөзүндөгү факторлордун жана дүйнөлүк сооданын фрагментациясынын күчөгөндүгүн көрсөтүүдө. Мындан улам көпчүлүк өлкөлөрдүн монетардык жөнгө салуучулары үчүн жогорку белгисиздикти жаратууну улантуу менен дүйнөлүк товардык-чийки зат жана финансы рыноктору жогорку өзгөрмөлүү бойдон калууда. 

Кыргызстанда соода боюнча өнөктөш айрым өлкөлөрдө инфляциялык процесстер салыштырмалуу түрдө жогорку деңгээлде түптөлүшү уланып жатат.


Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясаты өлкөдө баа туруктуулугун 2025-жылдын акырына карата 5-7 пайыз чегинде камсыз кылууга багытталган. Банктар аралык акча жана валюта рыногунда жагдай туруктуу.


Коммерциялык банктарда үстөк ликвиддүүлүк сакталууда, анын деңгээли экономикада акча сунушунун теӊ салмактуу көлөмүн камсыз кылуу максатында Улуттук банктын монетардык инструменттери менен активдүү жөнгө салынып турат.


Өлкөнүн банк системасы экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнү улантып жатат, ошол эле учурда өзүнүн ресурстук базасын жигердүү көбөйтүүдө.


Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда баалардын өзгөрүлмөлүү болушун, өлкөнүн тариф саясатын план боюнча кайра карап чыгуу күтүлүп жаткандыгын жана өсүп жаткан ички суроо-талапты эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатынын багытына туура келет.


Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө теӊ салмактуу ыкмага таянат жана инфляциянын түптөлгөн тышкы жана ички факторлорун баалоону улантат. Баа туруктуулугуна таасир берген кайсы бир тобокелдиктер жаралган учурда, Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатка түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.


Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландуу отуруму 26-майда өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн