Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн кирешесинен 2 миллиард 500 миллион сом мамлекеттин бюджетине которду. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай практика дүйнөдө колдонулуп келет.
"Бүгүнкү күндө Улуттук банк өзүнүн кирешесинен 2 миллиард 500 доллар өлкөнүн бюджетине которду. Бул биздин кирешенин үчтөн бир бөлүгү болуп саналат.
Мындай практика дүйнөдө колдонулуп келет",- деди Абдыгулов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн