Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Улуттук банк пандемияда күрөшкөн дарыгерлерге арнап коллекциялык тыйындарды чыгарат

01.12.2021 10:15
1054
Улуттук банк пандемияда күрөшкөн дарыгерлерге арнап коллекциялык тыйындарды чыгарат

Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги коллекциялык тыйындарды чыгарат.


Улуттук банк 1-декабрдан тартып Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын урматына “Тарыхый окуялар” сериясынан “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл” коллекциялык тыйынын, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана COVID-19 пандемиясын жеңүү үчүн эмгектенип жаткан бардык адамдарга ыраазычылык билдирүү катарында “Өмүр сакчыларына таазим!” коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат.


КМШ эмблемасы “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл» коллекциялык күмүш тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжети болуп эсептелет. Тыйындын төмөн жагында анын номиналы “10 сом” көрсөтүлгөн. “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл / Содружеству Независимых Государств – 30 лет” деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган.




Тыйындын арткы бетинин негизги сюжети катары кызматташуу, өз ара иш алып баруу жана өнүгүү жолдорунун символу катары чиеленген сызыктардын сүрөтү берилген. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), монетанын салмагы (28,28 g) жана чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики” деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган «Өмүр сакчыларына таазим!” коллекциялык жез-никель тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары коронавирус инфекциясынын пандемиясын жеңүү үчүн өз жанын аябастан эмгектенген ар кандай кесиптердин ээлери менен ыктыярчылардын өкүлдөрүнүн элестери берилген. Монетанын жогору жагында табияттын ойгонуп келе жаткандыгын билдирген таңкы шүүдүрүм менен жаңы жашоону түшүндүргөн таңдын жаңыдан атышын элестеткен абстрактуу сүрөт чагылдырган. “Өмүр сакчыларына таазим! / Спасибо за жизнь!” деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган. Монетанын төмөн жагында номиналы “1 с” берилген.


Жаратылыш мыйзамы менен адам өмүрү бир бүтүн жашоо булагы экендигин билдирген, адамдардын биримдигин өсүп турган дарак катары чагылдырган сүрөт тыйындын арткы бетинин негизги сюжети болуп саналат. Тыйындын борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики” деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн