Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Улуттук банк токтоп калган операцияларды кайра жандантат

16.08.2021 10:30
1430
Улуттук банк токтоп калган операцияларды кайра жандантат

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган айрым операцияларды кайра баштайт. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, КР Улуттук банкы «Эгемен Кыргыз Республикасына – 30 жыл» жаңы коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарып жаткандыгына байланыштуу 2021-жылдын 16-августунан тартып нумизматикалык баалуулуктарды, өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу, ошондой эле эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу операцияларын кайрадан жүргүзө баштайт.


Коллекциялык монеталарды сатуу Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб сайты аркылуу.


Эскерте кетсек, Улуттук банк коронавирустун жайылуусуна байланыштуу июль айынын башында айрым операцияларды убактылуу токтоткон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн