Улуттук банк кечээ валюта рыногуна 158 миллион 300 миң доллар сатты.
Бул жыл башынан берки ири интервенция болуп саналат. Башкы банк жыл башында 79 миллион доллар саткан эле.
2024-жылы 26 жолу интервенция жасалып, анын 13үндө валюта (369 миллион 850 миң доллар) сатып алса, калганында (675 миллион 650 миң доллар) саткан.
Интервенция валютанын олку-солкулугун жөнгө салуу үчүн жасалат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн