Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Аида Карабаева билдирди.
Анын маалыматына караганда, Улуттук банк жыл башынан бери 7 интервенция жасады, анын ичинен бешөө ички валюта рыногунан чет элдик валютаны сатып алуу боюнча жүргүзүлдү.
"29-апрелге карата накталай сатып алуунун көлөмү 63,8 млн долларды түздү", - деди ал.
Белгилей кетсек, азыркы учурда доллардын расмий курсу 0,16%га төмөндөп, 1 доллар 88,66 сомду түзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн