Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды

23.06.2020 09:45
924
Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды


Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы 22-июнда билдирди.


Маалыматка караганда, учурда COVID-19 инфекциясы аныкталган кызматкерлер дарыланууда, оору жеңил өтүп жатат. Алар менен байланышта болгон башка кызматкерлер карантинге жөнөтүлүп, ПЧР – анализдин жыйынтыгын күтүп жатышат. 


"Эпидемиологиялык кырдаал курчуганына байланыштуу Улуттук банк 23-июндан тарта кызматкерлердин бир бөлүгүн аралыктан иштөөгө жөнөтүү чечимин кабыл алды. Бирок, банк штаттык режимде иштөөсүн уланта берет", - деп айтылат малыматта. 


Буга чейин Улуттук банктын эки кызматкеринен коронавирус табылганы маалымдалган. 

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн