Кулжа 19, 2025
Убакыт: 18:19
USD
87.30
87.80
EUR
99.70
100.70
RUB
1.107
1.140

Улуттук банктын төрагасы эмне үчүн кызматкерлердин айлыгын көтөргөнүн айтып берди

Улуттук банктын төрагасы эмне үчүн кызматкерлердин айлыгын көтөргөнүн айтып берди


Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып эмне үчүн кызматкерлеринин айлык маянасын көтөргөнүн айтып берди.


Ага чейин депутат Гуля Кожокулова президент каражатты үнөмдөөгө, мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтууга чакырып жатканда, эмне үчүн Улуттук банк кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүп жатат деп сураган.


Мелис Тургунбаев банкта акыркы 4 жылдан бери кызматкерлердин айлык маянасы өзгөрбөгөнүн жана кызматкерлер иштен кетип жатканын айтты.


"Биздин адистер айлыктын аздыгынан коммерциялык банктарга кетип жатат. Бул тенденцияны токтотуу жана Улуттук банкка күчтүү кадрларды кармап калуу үчүн өткөн жылдын сентябрь айында кызматкерлердин айлык акысын көтөргөнбүз. Биз бул чечим туура деп эсептейбиз", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн