Тогуздун айы 28, 2025
Убакыт: 21:01
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.090
1.125

Улуттук банктын жаңы имараты ачылды

Улуттук банктын жаңы имараты ачылды


Жыйырма жылдан ашык убакыттан кийин Улуттук банктын 12 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере алган жаңы заманбап имараты ачылды.


Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуровдун айтымында, имараттын долбоордук-сметалык документтери 1986-жылы иштелип чыккан, ал эми имараттын өзү 2002-жылы банктын балансына өткөрүп берилген. Бирок, ар кандай жагдайлардан улам курулушу иштери көп жылдарга создуктурулган. Иш кайра эки жыл мурун президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган.


“Жаңы имарат өтө зарыл болчу. Советтер союзу кулагандан кийин Улуттук банктын өзүнүн атайын курулган имараты болгон эмес. Эски имарат заманбап талаптарга жана стандарттарга жооп бербей калган. Жаңы имарат эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берет, сейсмикалык жактан туруктуу болгон он блоктон турат жана 12 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере алат. Андан тышкары, ал эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап кампаларды камтыйт”, - деп белгиледи Аттокуров.


Улуттук банктын төрагасынын орун басары жаңы комплекс 274 кызматкерге ылайыкташтырылганын айтты. Улуттук банктын эски имараты техникалык жабдуулар үчүн колдонула берет.


"Бул имаратты башка социалдык мекемелер менен салыштырууга болбойт. Анын баасы ачыкка чыгарылбайт, анткени бул маалымат купуя", - деп баса белгиледи Мэлс Аттокуров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн