Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби бекитилди

27.06.2022 16:40
613
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби бекитилди


Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү жана өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпин жогорулатуу жолу менен өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Кепилдиктер Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду тарабынан улуттук экономиканын субъекттерине берилет.

Кепилдик берүү жөнүндө чечим министрлер кабинети тарабынан, кепилдик берүү үчүн болгон каражаттардын чегинде кабыл алынат. Кепилдик бюджеттик кредиттер боюнча карызы бар субъекттерге берилбейт.

Кепилдик аткаруу мөөнөтү 12 айдан ашпаган милдеттенмелер боюнча Кыргызстандын резиденттерине гана берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн