Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улуттук энергетикалык холдинг электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды

12.12.2022 12:34
338
Улуттук энергетикалык холдинг электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды

Кыргызстанда электр жарыгынын суткалык керектөөсү 70 млн кВт саатка жетти. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев билдирди.


Анын айтымында, былтыр ушул эле убакытта электр жарыгынын суткалык керектөөсү 55 млн кВт саатка болсо, быйыл 15 млн кВт саатка көп болду.


“Кечки маалда электр энергиянын керектөөсүнүн максимуму 3 миң 350 мегаватт саат болууда. 2021-жылы 3 миң мегаваттан ашкан эмес эле. Кыш өткөн жылга салыштырмалуу суук болууда. Бирок биздин системабыз жайкы мезгилде даярдыктан өткөн. Алгачкы суук түшкөндө мүчүлүштүктөр болду: Токтогул ГЭСиндеги агрегаттардын ишке кириши. Бүгүнкү күндө ГЭСтин экинчи жана үчүнчү агрегаты ишке кирип, мурунку кубаттуулугу 300 мегаватт болсо, азыр 374 мегаваттка чыкты”, - дейт ал.


Байгазиев Бишкек ЖЭБинде көмүрдүн көлөмү 114 миң тонна экенин айтып, өткөн жылга караганда 25 тоннага аз экенин билдирди.


“Анткени көмүрдү ЖЭБге эмес, биринчи кезекте элге жеткирип жатабыз. Бүгүн-эртеңден баштап ЖЭБге көмүр жеткире баштайбыз. Баары план боюнча жүрүүдө”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн