Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Республиканын энергетикалык компаниялары Борбордук Азиянын Бириккен энергетикалык шакекчесинде авариялык өчүрүүлөрдөн кийин электр энергиясын иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүү иштерин толук аткарды.
"Ошону менен бирге Улуттук энергохолдинг энергетикадагы азыркы абалга калкты түшүнүү менен мамиле жасоосун жана жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга, тагыраак айтканда, кечки саат 18.00-22.00 жана эртең менен 7.00-9.00 убактарында электр энергиясын көп сарптаган жабдууларын колдонбоого, андан тышкары жылуулук берүүчү башка булактарды да пайдаланууга чакырат",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн