Энергокомпаниялардын электр энергиясын пайдалануу эрежесин бузган кызматкерлери иштен бошотулат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
"Улуттук энергохолдинг энергокомпаниялардын кызматкерлеринин арасында электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузган, энергия менен камсыздоочу уюмдун көрсөтмөлөрүн аткарбаган адамдар бар экенин өкүнүү менен белгилейт. Мындай көрүнүштөр тармакка көлөкө түшүрүп, энергетика системасынын туруктуу иштешин камсыз кылган ар бир адамдын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Улуттук энергохолдингдин тапшырмасы менен холдингге караштуу энергокомпаниялардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана райондук тармактык ишканалардын жетекчилеринин электр эсептегичтеги көрсөткүчү текшерүүгө алынды.
Анын натыйжасында ачык акционердик коомдордун айрым жетекчилери жана башкармалыктардын башчылары электр энергиясын керектөөнүн кубаттуулугу боюнча белгиленген чектен өтө ашык колдоноору аныкталды.
Мындай кызматкерлерге ээлеген кызматынан бошотууга чейинки дисциплинардык чаралар көрүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн