Улуу Британиянын премьер-министри Лиз Трасс бүгүн, 20-октябрда ээлеген кызматынан кетерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Трасс өзүнүн программасынан баш тарткандыгы үчүн депутаттардын кескин сынына калган жана алар өкмөт башчыны кызматтан кетишин талап кылган.
Лиз Трасс 6-сентябрда ханыша Елизавета II тарабынан дайындалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн