Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон Жумабек уулу Кайрат изделүүдө

07.09.2020 18:02
1122
Унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон Жумабек уулу Кайрат изделүүдө


ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Жумабек уулу Кайрат изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жараны 1990-жылы туулган Жумабек уулу Кайраттын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.  Ал 2020-жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тойота Камри” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 


 Белгилери: бою 165-170 см, чачы 4-5 см, көзү күрөң, кыска сакалы бар. 


"Дайынсыз жоголгон жарандын кайда жүргөндүгүн билгендер төмөнкү 0551 040202, 0707 040202, 0555 347994 телефон номурлары аркылуу маалымдап коюңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн