Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 17:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ура-а! Тынар Шаршенбеков алтын медаль утту

19.04.2022 17:39
724
Ура-а! Тынар Шаршенбеков алтын медаль утту

Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Тынар Шаршенбеков өзүнүн 63 кг салмагында мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Алгачкы индиялык балбан Ниражды 10:4 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн.


Анда өзбекстандык Исломжон Бахрамов менен килем үстүнө чыкты. Алгач кыргызстандык балбан атаандашын көтөрүп чаап, беш упай топтой алды. Көп өтпөй өзбекстандык спортчу Шаршенбековдун белинен бекем кармап, эки-үч ирет оодарып жиберди. Эсеп 7:5ке айланды. Экинчи бөлүктө мекендешибиз Бахрамовдун далын жерге басуу аракети менен эсепти өз карамагына өткөрүп, 13:7ге өзгөрттү.


Финалда казакстандык Мейрамбек Айнагуловго каршы килем үстүнө чыкты. Кармашуунун биринчи бөлүгүндө эки балбан тең ири упай топтой алган жок. Бирок экинчи бөлүктө Шаршенбеков атаандашынын далысын жерге басып, алтын байгени илип кетти.


Белгилей кетсек, Акжол Махмудов (77 кг) Азия чемпионатынын финалына чыккан.


Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.


Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.


Учурда Кыргызстандын куржунуна алгачкы алтын медаль салынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн