Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 06:53
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Урматбек Шамырканов: "Биздин кызматкерлер Түркияда куткаруу иштерин башташты"

10.02.2023 10:07
5964
Урматбек Шамырканов: "Биздин кызматкерлер Түркияда куткаруу иштерин башташты"


ӨКМ министринин орун басары Урматбек Шамырканов менен маек.


- Жолдош полковник, боордош Түркия жергесинде болгон кырсыкка байланыштуу бизден да куткаруучулар тобу жардамга кетишпедиби. Алар канча киши жана ал жакта канча күн болушат?


- Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин жеке тапшырмасы менен ӨКМден 67 куткаруучу жөнөтүлдү. Алардын арасында врачтар, фельдшерлер жана атайын даярдыктан өткөн куткаруучулар бар. Издеп-куткаруу иштерин натыйжалуу жүргүзүү максатында алар менен атайын даярдалган эки ит да кошо жөнөтүлдү. Биздин куткаруучулар толугу менен автономдуу режимде жеринде иш жүргүзүшөт. Керектүү шаймандардын баарын тең өздөрү менен алып кетишти. Бир жыл мурда биздин министрибиз Бообек Эргешович Ажикеевдин демилгеси менен эл аралык масштабда атайын издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө багытталган “Инсарак” тобу түзүлгөн. Ал бүткүл дүйнөлүк куткаруучулур тобу болуп эсептелет. Алар атайын түзүлгөн программанын негизинде даярдыктан өтүп, даяр турушкан болчу. Ушул дагы чоң жетишкендик болду десем болот. Анткени, топту тез арада жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Топтун жетекчиси да дасыккан куткаруучулардан. Биздин куткаруучулар Кахраманмараш шаарына барышып, куткаруу иштерин башташты. Себеби, алардын өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлиги “Кахраманмараш шаарына кишилерибиз жетпей жатат, ошол жакка жардам бергиле” деп суранышкан болчу.


- Демек, куткаруучуларыбыздын ал жакта канча күн болору кырдаалга байланыштуу болот турбайбы?


- 1999-жылы Түркияда болгон жер титирөөдө да биздин куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшкөн. Андыктан, зилзаланын кесепеттерин жоюу боюнча тажрыйбабыз бар. Анда бир айлык мөөнөт менен барышып, үч ай жардам берип келишкен. Бул жолу да жыйырма күндүк автономдуу иштөө даярдыгы менен кетишти. Эгер дагы кошумча күн керек дешсе, аны дагы узартууга, аларды ар тараптуу камсыз кылууга биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар.


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн