Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Үстүнөн сот жүрүп жаткан Өмүрбек Текебаев шайлоого катыша алабы? Юристтин түшүндүрмөсү

03.08.2020 10:07
1065
Үстүнөн сот жүрүп жаткан Өмүрбек Текебаев шайлоого катыша алабы? Юристтин түшүндүрмөсү


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салыша алат. Бул тууралуу юрист Таалайгүл Токтакунова 24.kg агенттигине түшүндүрмө берди.


Анын айтымында, аталган эки саясатчы тең соттолгон деп эсептелбейт. Аларга тагылган “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши соттун чечими менен кайра кароого жөнөтүлгөн. Демек, Фемида өкүлдөрүнүн күнөөлүү жана соттолуучу деп тапкан мурдагы чечимдеринин бардыгы жокко чыккан.


“Мыйзамда бул саясатчылардын 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышуусуна тыюу сала тургандай норма жок. Ооба, сот жүрүп жатат. Бирок Текебаев дагы, Чотонов дагы соттолгон адамдар деп эсептелбейт”, - деп айтты юрист.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн