Уу коргошунду билбей туруп, ичип алуу өлүмгө алып келет. Мындай пикирин табып Хашим Зайналиев медакадемиянын ректоруна жооп катары өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Профессор айымдын интервьюсын окуп таң калып отурамын. Бул айымдын дарылоосунун, анын ичинде жасаган операциясынан улам оордошуп отуруп, мага келген пациенттер аркылуу тааныймын. Индира эже онкологияда түзүлгөн 2 мафиялык группасынын бирөөсү - ушул эжеге таандык. Булар онкологияга келген пациенттерди кадимкидей сорттоп алып, акчалууларын өздөрүнө, кедейлерин -онкология калтырышат. Мени таң калтырганы - уу коргошунду медицинага колдонууга келгенде, аны пайда -зыянын көрүшөт да, миңдеген азаптарды берип, ал тургай миңдеген эмес, миллиондогон адамдардын өмүрүн алып жаткан - химия терапиянын зыянын айтпайт. Айланайын Индира эже! Уу коргошундун - ашыкча бир тамчысын ичүү - өлүмгө алып келбейт. Аны кантип даярдоону жана кантип ичкенди билбей туруп, ичип алуу - өлүмгө алып келет",- деп жазган табып.
Эске салсак, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова "Азаттыкка" берген маегинде уу коргошундун бир эле ашыкча тамчысы жүрөктү токтотуп коёрун айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн