Кыргыз эл баатыры, режиссер, белгилүү саясий ишмер Дооронбек Садырбаев быйыл тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Садырбаев өткөн кылымдын 70-жылдары “Акбаранын көз жашы”, “Махабат дастаны” сыяктуу белгилүү тасмаларында, кара сөз чыгармалырында, ырларында намыс, акыйкаттыкты ачык баяндаса, өлкө эгемендигинен кийин саясатка башын сайып авторитардык бийлик орноткусу келген бир эмес, эки система менен күрөштү. Замандаштары Доке деп атаган Садырбаевдин саясий жолун өзүнчө, чыгармачылыгын өзүнчө китеп, кино кылып баяндаса түгөнбөйт деп эскеришет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн