Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун кимдер ала алат?

10.03.2021 12:10
2385
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун кимдер ала алат?

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду алуунун жол-жоболорун маалымдайт.

Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алат?

  • 16 жашка чейинки балдары бар;
  • Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек?

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат?

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат:

  • айлык акы, стипендия;
  • ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
  • жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт?

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:

– пенсиянын бардык түрлөрү;

– мамлекеттик жөлөкпулдар;

– сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;

– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;

– жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу кандай өлчөмдө дайындалат?

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 810 сомду түзөт.

Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөкпул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек?

  • паспорт;
  • балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
  • үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
  • банктык маалымдаректер.

Эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын маалымат базасында керектүү маалматтар жок болсо, кошумча төмөнкү документтер талап кылынат:

  • жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
  • мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;
  • статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоого ким кайрыла алат?

Ата-эненин бири (же камкорчу). «Үй-бүлөгө көмөк» бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө, дайындалат, бала 16 жашка чыкканга чейин гана!

Көңүл буруңуз!!! Эгерде бала толук мамлекеттин камсыздоосунда болсо, анда ага жөлөкпул дайындалбайт.

Дайындалган «үй-бүлөгө көмөк” кайдан төлөнөт?

«Үй-бүлөгө көмөк» банк аркылуу, ал эми банк жок болгон калк отурукташкан пункттарда – почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Табылды кызы Бегимай
6балам бар жолок пул кантип плсак болот жолдошум жалгыз иштейт квда турабыз
Муканбетова Айымжан
Пасобияга кантип тапшыруу керпюек
Женишова жанат
Мен канча жолу кайрылдым берилген жок беш балам бар экоо чон учоо кичинекей кичуусу учко чыкты квартирада жашайм иштебейм кандай кылып алса болот берилеби
Мамасали кызы Наргиза
Саламатсыздарбы ушул жолок пулун беруудо баланын саны 3баладан коп болгон уй-було ата-энеси экоосу тен дыйкан чарбада иштеп уй булосун эптеп багып келген мамлекет ишканасында иштебесе да берилбей келет оснавной айыл жергесинде ушундайларды ким козомолдойт эмне учун ушундай кыйналып кысталган уй-булолор комускодо калып жатат муну текшерген адам барбы озу ушундайларга бербегенде кимне берилет
Сейитказиева Айжан
Менин уч балам бар ,кантип алсак болот