Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Үй камагына чыгарылган Т.Матраимов кайра кызматына келди

30.10.2020 17:59
7270
Үй камагына чыгарылган Т.Матраимов кайра кызматына келди

Үй камагына чыгарылган Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кайра кызматына келип отурду. Бул тууралуу активист Ыдырыс Исаков Фейсбуктагы баракчасында билдирди. 


"Эсиңердеби? Раимбек Матраимовдун бир тууганы, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов шайлоого бир апта калганда өргүүгө чыгып кеткен эле.


Анан шайлоодон кийинки башаламандык учурунда ал чекараны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн Өзбекстанда кармалганы кабарланган. СИЗОдо отурган сүрөтүн да көргөн элек. Ошондон көп өтпөй Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган эле.


 Тилек Матраимов азыр үй камагында эмес. Акимдик ордуна кайра келип,  эшигине өзүнүн атын кайра кактырып, иштеп баштаганын Кара-Суудан кабарлашты. 


Төңкөрүш куттуу болсун!", - деп жазган ал. 

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Кылыч
Тюремная нарадан президенттин креслосуна ...
Адилет
Бул жалган маалымат,Идирис сен азаттыкта жүргөндө чындыкты айтат элең,азыр эмне болду?тескери кепшей баштапсын.
Мелис
Садырдын эч тиешеси жок бул жерде туугандар.
Гулзара
Соз жок болду бул жагына.Садырдын башы айланып калды.Ушинтип сыйдан кетет.
Пиздец!!
Слов нету.