Чүй облусундагы Сокулук районунун, Бишкек шаарындагы Ленин жана Октябрь райондорунун аймагында батирден мүлктөрдү уурдап кеткен адамдардын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4-январында уурулар күндүз Бишкек шаарынын тургунунун үйүнө кирип, ноутбук, фотоаппарат, уюлдук телефон, кийим-кече жана башка мүлктөрүн уурдап кеткен. Жабырлануучуга болжол менен 100 миң сом материалдык зыян келген. Андан сырткары кылмышкерлер домофон менен кондиционердин пультун дагы уурдап кеткени маалым болгон.
Ошондой эле, шаардын жашоочусу 2020-жылдын 27-январында белгисиз адамдар анын үйүнө мыйзамсыз киргендиги боюнча ички иштер органдарына кайрылып, дубалга бекитилген сыналгысын алып, үйүнүн ичин чачып кеткендигин билдирген.
Мындан тышкары ушул жылдын январь айынын аягында кылмышкерлер “Ынтымак” жаңы конушунда дагы үйлөрдүн биринин терезесиндеги торчону талкалап, 1 000 АКШ долларын, жана башка үй буюмдарын уурдап кеткендигин билдирген. Ал эми Бишкек шаарынын дагы бир жашоочусунун үйүнө киришип, 80 миң сомдук түстүү сыналгысын уурдап кетишкен. 6-март күнү болсо “Арча-Бешик” жаңы конушунда таңга маал уурулар терезени талкалап, жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, ал жактан сыналгыны уурдап кетишкен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылган.
20-март күнү “Арча-Бешик” жаңы конушунан дагы уурулук фактысы катталып, кылмышкерлер үйгө терезе аркылуу кирип, сыналгы, фотоаппарат, ювелирдик жасалгаларды жана башка буюмдарды уурдап кетишкен. Жабырлануучулардын сөзү боюнча, уурулар 350 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен.
Ушундай эле уурулук фактылар “Рухий-Мурас”, “Ак-Өргө” жаңы конуштарынан жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ырыс айылынан катталган.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында уруулар тобу өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурундагы кылмыштуулук менен алектенип жүргөндүгү белгилүү болуп, учурда 30 уурулук фактыларына тиешеси бар экени аныкталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн