Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 01:07
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү акча талап кылууга шектелип кармалды

26.07.2021 15:00
870
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү акча талап кылууга шектелип кармалды

Ишкерден акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, КР УКМК Бишкек шаарындагы ресторандардын биринин ээсинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан 20 миң АКШ долларын пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат.


Бул факт боюнча 2021-жылдын май айында 10 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү «И.Р.М.» жана «М.Р.А.» кармалган.


2021-жылдын 24-июлунда ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Бостери айылдагы конок үйлөрүнүн биринде бул кылмыштын башкы уюштуруучусу "Б.М.М." кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.


Тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн