Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 21:11
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Уюшкан кылмыштуу топтун "Карагер" каймана аттуу мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

05.03.2021 11:52
627
Уюшкан кылмыштуу топтун "Карагер" каймана аттуу мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү катары  "Карагер" каймана аты менен белгилүүуюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


2019-жылдын сентябрь айынын аягында борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал Аламүдүн-1 кичи районундагы батирин саткан досунун аракетине нааразы болгон.


Бул факт бирдиктүү реестрге  катталган.


Борбор калаанын милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1988-жылы туулган А.А. кармалды.  Бул адам буга чейин бир нече жолу соттолгон, ИИМдин ыкчам реестринде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган, "Карагер" кылмыштуу каймана аты бар.


Шектүү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Кайманалар толуп кеттиби олкого