Теке 27, 2024
Убакыт: 14:15
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда Астана шаарында өтөт

19.01.2024 13:42
920
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда Астана шаарында өтөт


V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-14-сентябрь аралыгында Астана шаарында өтөт, деп билдирет Казакстандын Спорт жана туризм министрлиги.

Мелдештерге 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышат. Спорттук жана маданий иш-чараларга 100 миңден ашык туристтин келүүсү күтүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, спорттук программа спорттун 20 мелдештик жана 10 көрсөтмөлүү түрүн камтыйт: Анын ичинде:

  • ат чабыш;
  • күрөштүн улуттук түрлдөрү;
  • салттуу интеллектуалдык оюндар;
  • согуш өнөрү боюнча мелдештер;
  • ок атуу;
  • канаттуулар менен аңчылык;
  • ат үстүндөгү мелдештер;
  • элдик оюндар;
  • спорттун этникалык түрлөрү боюнча көрсөтүүлөр.

"Астанада "Көчмөндөр ааламы" этникалык айылы ачылып, анда ар бир келген адам казак элинин маданияты жана каада-салты, ошондой эле Дүйнөлүк конгресске катышкан өлкөлөрдүн оригиналдуу маданияты менен тааныша алат. Этно-айылга күнүнө 30 миңге чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору келе алышат", - дешет уюштуруучулар.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну "Улуу талаадагы жолугушуу" (Улы Дала Дубири) деген ураандын астында өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн