Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:38
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Валентина Шевченко беттештерден убактылуу четтетилди

13.02.2020 10:56
677
Валентина Шевченко беттештерден убактылуу четтетилди

Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченко беттештерден убактылуу четтетилди. Мындай тыянакты дарыгердик комиссия чыгарды. Бул тууралуу орус басылмалары жарыялады.


 9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында «UFC 247» турнири өткөн. Аталган турнирде кыргызстандык Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгы менен жеңишке жеткен.


Бул турнирдин жыйынтыгы менен Техастын лицензиялык жана жөнгө салуу департаменти Шевченкону медициналык себептерге байланыштуу беттештен четтетти. Эми спортчу 6 ай турнирге чыга албайт. Ал эми Кэтлин Чукогян 46 күндѳн кийин машыгуусун уланта алат. Джон Джонс жана Доменик Рейес бир айга четтетилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн