Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 21:33:48
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Вашингтондо Кыргызстан менен Швейцариянын банк тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

25.10.2024 16:39
392
Вашингтондо Кыргызстан менен Швейцариянын банк тармагындагы кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Швейцариянын Улуттук банкынын жаңы башчысы Мартин Шлегел менен жолугушту.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, тараптардын жолугушуусу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучуларынын Вашингтон шаарында өткөн ар жылдык жыйынына катышуунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө борбордук банктардын жетекчилери мындан ары да тыгыз кызматташууга жана монетардык саясат негиздерин өркүндөтүү маселелерин кошо алганда, бардык иш багыттары жана башка маселелер боюнча өз ара иш алып барууну күчөтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн