Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин 29-январдагы жалпы жыйында айткан билдирүүсү негизсиз жана чындыкка дал келбейт, деп билдиришти Ветеринардык кызматтан.
”Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты парламенттин жалпы жыйынында ветеринария тармагына байланыштуу кайрылуусу негизсиз жана анын билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Ага карабастан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат эл өкүлүнүн билдирүүсү боюнча ички иликтөө баштады. Анын жыйынтыгы боюнча жакынкы аралыкта Жогорку Кеңештин депутатына расмий маалымат берет”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жанар Акаев Ош облусундагы ишкерлер Өзбекстанга сатылып жаткан ар бир ири мүйүздүү малды экспорттоодо Ветеринардык кызматтын жетекчиси үчүн 100 сомдон чогултушарын айтышканын билдирген.
Пикирлер (1)