Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Вице-мэр: Ишкерлерди колдойбуз деген менен текшерүүлөр боло берсе, инвесторлор да качат

21.11.2020 10:59
814
Вице-мэр: Ишкерлерди колдойбуз деген менен  текшерүүлөр боло берсе, инвесторлор да качат


Башкы прокуратура Ош шаарында 25 гектар жер мыйзамсыз сатылган деген жүйө менен териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри маалымдады.


Маалыматка ылайык, Генпрокуратура “Каганат Инвест” холдингинин курамына кирген “Кыргыз Текстиль ЛТД” ишканасы “Кыргыз унаа курулуш” заводу жана “Ихлас” курулуш компаниясы менен биргеликте Ош шаарынын мэриясынан жер тилкесин базар баасынан дээрлик 30 эсе арзан сатып алганы  тууралуу жарыялаган. 

Аталган иш боюнча Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов төмөнкүлөргө токтолду: 

"Биз сентябрь айында «Кыргыз Текстиль» ишканасына жер тилкесин саттык. Буга чейин Кең-Сай массивинин аймагындагы 25 гектар аянттагы жер тилкесин ижарага алып иштетип келген. Инвесторлор өндүрүш ишканасын кура турган жер жеке менчик болуусу керек деген талап койгон. Ишкерлер бизге кайрылып, жерди мыйзам чегинде саткыла деп келишти. Бардыгы мыйзам чегинде болгон, Өкмөттүн 571 токтомунун негизинде сатканбыз. Эми прокуратура бизге жерди арзан саткансыңар деген кине коюп жатат. Ал аймак өздөштүрүлбөгөн, суу тартылбаган жер болгон. Ишкерлер ал жерге коммуникациялык каражаттарды алып барып, өндүрүштүк аймак курабыз дешкен. 7-8миңдей адамга жумуш ордун түзгөн ишкана курабыз деп жатышкан. Ал жер 70 млн эмес миллиардаган киреше алып келмек, өкмөт тараптан ишкерлерди колдойбуз деген менен ушинтип текшерүүлөр боло берсе, инвесторлор да качат", - деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн