Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 27-июлундагы чечими менен шектүү С.уулу А.га эки айлык мөөнөткө, башкача айтканда, 25-сентябрга чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы колдонулган.
Эскерте кетсек, Азамат Сагындык уулу 9 миң доллар пара талап кылууга шектелүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн