Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Вице-спикер Түркиянын элчиси менен жолугушуп, атайын китепчеге көңүл айтуу текстин калтырды

08.02.2023 15:23
228
Вице-спикер Түркиянын элчиси менен жолугушуп, атайын китепчеге көңүл айтуу текстин калтырды


Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, аталган өлкөдө катталган зилзаланын курмандыктарын эскерди. 


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, вице-спикер Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Ахмет Садык Доган менен жолугушуп, атайын китепчеге Жогорку Кеңештин жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтуу тексттин жазды.


Тарыхый байланышы терең эки эл кубанса кошо кубанып, кайгырса бирге кайгырган боордош калк экенин белгилеген Нурланбек Азыгалиев: “Биз ушул каргашалуу окуяда кайратман түрк эли менен биргебиз. Андыктан, зилзалада каза болгондордун жакындарына, жалпы Түркия мамлекетине көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Ошондой эле жабыркаган боордошторубуздун тез арада сакайып кетишин каалап, бардыгына сабыр тилейм”, – деди.


Кошумчалай кетсек, 6-февраль күнү таңга маал Түркия Республикасынын түштүк-чыгыш аймагында катуу зилзала катталып, көптөгөн жаранлар урандылар астында калды. Аларды куткаруу ишине кыргызстандык куткаруучулар да кол кабыш кылууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн