Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 14:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстанда чет элдиктер үчүн "жашыл коридордун" мөөнөтү узартылды

05.05.2020 16:41
1082
Кыргызстанда чет элдиктер үчүн "жашыл коридордун" мөөнөтү узартылды


Өкмөт тарабынан Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн "жашыл коридордун" колдонулуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, 11-майга чейин өзгөчө абал тартибинин мөөнөтү узартылганын эске алып, ошондой эле чет өлкөлөр менен авиа каттамдар убактылуу токтотулгандыгына жана чет мамлекеттердин чегаралары жабылгандыгына байланыштуу, азыркы учурда Кыргызстандын аймагында визасы бар жана визасы жок тартиптеги жактар 1-июнга чейинки мөөнөттө чыгуучу визасы жана турган жери боюнча катталуусу талап кылынбастан өлкө аймагынан чыгып кете алат.


Муну менен катар, Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, каттоо мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк жарандар 21-майда калкты тейлөө борборлорундагы паспорттук бөлүмдөр ачылганда мөөнөттөрүн узарта алышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн