Орус президенти Владимир Путин өкмөткө орус тилин жана маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтуу боюнча программаларды каржылоону көбөйтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал Федералдык жыйынга жылдык кайрылуусунда билдирди.
«Мен өкмөттөн орус тилин жана биздин көп улуттуу маданиятыбызды жайылтуу жаатындагы эл аралык программаларды каржылоону көбөйтүүнү суранам. Биринчи кезекте, албетте, КМШда, жалпысынан дүйнөдө», — деди Владимир Путин.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн