Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Wildberries негиздөөчүсү: Ишкердик кыргыздардын канында бар экен

23.06.2023 13:00
784
Wildberries негиздөөчүсү: Ишкердик кыргыздардын канында бар экен


Электрондук соода Кыргызстанга келгенине аз эле болгонуна карабай, кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарлары биздин жана башка соода аянтчаларында жакшы позицияны ээлейт. Бул туурасында Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук билдирди.


Эске салсак, ал электрондук соода боюнча Бишкекте өтүп жаткан E-COMKG 2023 эл аралык форумуна катышууда.


"Электрондук соода Кыргызстанга келгенине аз эле болгонуна карабай, кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарлары биздин жана башка соода аянтчаларында жакшы позицияны ээлейт. Силер биз менен чогуу өсүп келе жатасыңар. Быйыл өндүрүүчүлөрдүн экспорту өткөн жылга салыштырмалуу эки эседен ашык болууда. Бул силердин биздин рынокто өз ордуңарды тапканга умтулуп жатканыңардан кабар берет. Ишкерлик каныңарда бар экен. Жөнөкөй адамдан баштап өкмөт башчыңарга чейин умтулууңарды байкадым. Сиздерге гүлдөп-өнүгүү каалайм", — деди Бакальчук.


Ал кечээ министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолукканда Чүй облусунун аймагына ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн