Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

World Happiness Report жарыялаган бактылуулук рейтингинде Кыргызстан 75-орунду ээледи

22.03.2024 16:08
207
World Happiness Report жарыялаган бактылуулук рейтингинде Кыргызстан 75-орунду ээледи


World Happiness Report жарыялаган бактылуулук рейтингинде 143 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 75-орунду ээледи.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтү ээлеген Өзбекстан 47-орунга чыкты. Казакстан 49-орунда, Тажикстан 88-орунда турат. Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.

БУУ, Gallup жана Оксфорддун бакубаттуулугун изилдөө борбору түзгөн жылдык рейтингде Финляндия жетинчи жолу катары менен эң бактылуу өлкө аталды. Ошондой эле алдыңкы ондукка Дания, Исландия, Швеция, Израиль, Нидерландия, Норвегия, Люксембург, Швейцария жана Австралия кирген.

Бул жолку баяндамада бактылуулукту кишилердин курагы боюнча талдап чыгышкан. Окумуштуулар дүйнө жүзүндө адамдар карыган сайын бактылуулуктун орточо деңгээли акырындык менен төмөндөй берерин аныкташкан.

Индексти түзүүдө калктын жан башына ИДӨ (ички дүң өндүрүм), калктын социалдык жактан колдоо деңгээли, орточо жашоо узактыгы, жарандардын эркиндигин урматтоо, жумуш менен камсыз кылуу, коррупциянын деңгээли эске алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн