Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Анталья шаарында өтө турган Дипломатиялык форумга катышуу үчүн келди. Бул тууралуу Назарбаевдин маалымат катчысы Айдос Укибай билдирди.
Маалыматка ылайык, Антальяда өтө турган Дипломатиялык форумда эл аралык кызматташтыктар жана глобалдык маселелер талкууланат.
"Анадолу" агенттиги билдиргендей, бүгүн форумга катышуу үчүн келген Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба сүйлөшүү жүргүзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн