Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Япония Кыргызстандан бал импорттоону талкуулады

23.02.2021 10:43
628
Япония Кыргызстандан бал импорттоону талкуулады

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын паралимпиадалык пауэрлифтинг курама командасы үчүн кабыл алуучу шаары (host town) Яманасиге барды.


Элчи Арстанбаевдин Яманаси шаарынын мэри Харуо Такаги менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга ошондой аталган шаардын депутаттары катышты.

Анда тараптар кызматташтыктын келечеги тууралуу талкуу жүргүздү. Атап айтканда, Яманаси менен Кант шаарларынын ортосунда боордош шаарлар мамилелерин орнотуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Ошону менен бирге, Япония тарабына Кыргызстандан Японияга бал импорттоо, биргелешип шарап өндүрүү, ошондой эле адамдык ресурстарды тартуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн