NHK телеканалы Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин өмүрүнө кол салуу болгон учурду көрсөткөн видеону жарыялады.
Кадрларга караганда, кол салган адам эки жолу ок чыгарган. Жапон басылмаларынын маалыматына караганда, саясатчы экинчи октон кийин жыгылган.
Абэнин оң моюнуна ок тийип, ошондой эле сол жагындагы көкүрөк аймагынан кан кеткени байкалган, деп билдирет Киодо.
Ок аткан адам биринчи көрсөтмөсүн берди: ал саясатчыга нааразы экенин айтып, аны өлтүргүсү келген. Ок аткан жаран 2005-жылга чейин Япониянын деңиз флотунун өзүн-өзү коргоо күчтөрүндө 3 жыл кызмат өтөгөн.
Белгилей кетсек, кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30 чамасында Япониянын Нара шаарында анын көчөдө сүйлөп жаткан учурунда болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн