Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ сүйлөп жатканда белгисиз адам ок аткан

08.07.2022 09:34
707
Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ сүйлөп жатканда белгисиз адам ок аткан


Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни көчөдө сүйлөп жатканда белгисиз адам аны атып салган. Абэ мырза жарадар болуп, ооруканага жаткырылган. Кол салган адам кармалды.


Саясатчы Япониянын батышындагы Нара шаарында сөз сүйлөп жаткан. Синдзо Абэнин көкүрөгүнө ок тийип, эс-учун жоготкондугун NHK телеканалы кабарлады. Полициянын өкүлү саясатчынын жүрөгү токтоп калганын билдирди. Бул маалымат расмий ырастала элек.


Кол салууга шектелген адам кармалды. Kyodo агенттиги ок аткан 42 жашта экенин, анын себептери азырынча белгисиз экенин билдирди. Окуяга күбө болгондор кеминде эки ок атылганын угушканын айтышты.


Синдзо Абэ 2006-2007 жана 2012-2020-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган жана Япония тарыхындагы эң узак өкмөт башчы болуп саналат. Ошол эле мезгилде ал Либерал-демократиялык партиянын төрагасы болгон. Ал өз чечимине ден соолугуна байланыштуу тынчсызданууларды жүйө келтирип, коронавирустук пандемия учурунда кызматтан кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн