Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

YouTube "Бриллиант баскыч" алган кыргызстандыктын маеги

13.09.2021 10:55
674
YouTube "Бриллиант баскыч" алган кыргызстандыктын маеги


Кыргызстанга YouTube'дан биринчи жолу “Бриллиант кнопка” келиптир деп интернет колдонуучулар арасында аябай талкуу жүрүп жатат.

Кыргызстандыктар түзгөн "D Billions" каналы 12 миллиондон ашуун катталуучу, 11 миллиарддан ашуун көрүү топтоп алгачкы “Бриллиант баскычты” алды. Бул баскыч биз көрүп жүргөн кадимки алтын же күмүш баскычтардан айырмасы абдан чоң. Ал атайын бекем кутуда, ачкычы, куттуктоо каты менен келет экен. Салмагы кеминде 3-4 кг.

Эрнис: 15 жылдан ашуун кыргыз шоу-бизнесинде жүрдүм. Ыр жазгандан баштап, киного чейин тарттык. Бирок, кыргыз шоу-бизнеси деген кыргыз шоу-бизнеси. Көрүүчүсү аз. Шоу-бизнес жок, анын ордуна “той-бизнес”. Ачыгын айтканда “той-бизнестен”, кыргыз ырчыларынан, баары менен дос болгондон чарчадым. Мен чыгармачылмын деген ар бир эле адам аны көбүрөөк адам укса, көрсө же билсе деген кыялы болот да. Мурун андай мүмкүнчүлүк жок эле. Себеби азыркы YouTube сыяктуу платформалар жок дегендей. Дагы бир жагынан мен үн жазуу боюнча дүйнөдөгү дөө-шаалар менен тең тайлаша албайм. Андай техникам дагы жок. Андан сырткары бизди ал деңгээлде эч ким окуткан эмес, билим жок. Бирок, бул ишти өз алдымча чукулап олтуруп үйрөнүп алган адисмин. 3-4 жыл мурун Нурлан деген досум мультфильм тартып, акырындап ийгиликке жете баштаганын көрдүм. Алар “Сен да башта, кел” деп калышты. Мен болсо кайдагы YouTube деп жүрүп алдым. Андан көрө бас деп алар менен фильм тартып кеттик. Болжолу жарым жыл өткөндө ал досум “кино деп жүрүп жарым жылдай убактым текке кетти окшойт", - деп кайра YouTube менен алектене баштады. 2017-жылы YouTube эрежелерине бир топ катаал өзгөртүүлөрдү киргизип, аябай чоң тазалоо башталды. Ошол кезде эл эмнени кылса биз да ошону кыла берчү экенбиз. Башкалардай эле биздин да ачып койгон YouTube каналдын монетизациясы өчтү, акчабыздан куру жалак калдык. Бул тармакта бир нерсе жасайм десең автордук контент даярдоо керек. Ыры, сөзү, обону, видеосу баары өзүңдүкү дегендей. 2019-жылы биз ошону түшүнүп, ошол ыкмада иштей баштасак жарым жылдан кийин эле каналыбыздын монетизациясы кайрадан өчтү. Маанайыбыз абдан түштү.


Ал кезде биз чоңдорго кандай болсо балдарга деле ошондой эле ырларды жаза бергенбиз, клип тарта бергенбиз. Көрсө анын мазмунунда эч кандай жарытылуу ой, идея, балдар үйрөнө турган эч нерсе болбоптур. Фан клип (күлкүлүү клип) деп коёт, биздин каналда ошондой аябай көп болуп кеткен. Монетизация ошонун айынан өчкөн экен. Бирөөнүкүн уурдап коюп алсаң деле өчөт, өзүн чыгарсаң деле өчөт, бул эмне деген шумдук деп түшүнө албай аябай кыйналдык. YouTube болсо эч ким менен сүйлөшпөйт, эмнеге андай кылганын, эмнеге чектеп салганын, себебин түшүндүрбөйт. Ошол кезде аябай көп кишиге кайрылдык. Ачыгын айтканда эч ким жардам бергиси келген жок окшойт. Акыры Канада менен Белорусиянын биргелешкен компаниясына кат жазып, жардам сурадык. Алар карап көрүп, биз аракет кылып көрөлу дешти. Биздин YouTube каналды аябай анализдеп чыгышты. Алардын сунушу боюнча далай клиптерди өчүрдүк. Эң башкысы алар бизге “балдар каналы болгон соң бир нерсе үйрөтө турган контент даярдагыла” деген сунуш берди. Ошол күндөн баштап биздин стратегия, план түп тамырынан өзгөрдү. Ошондон кийин “D Billions” каналыбыздын монетизациясы кайрадан иштеп баштады. “D Billions” деген миллиард деген сөз. Кемени кандай атасаң ошондой сүзөт дегендей биз миллиардга жетели деген кыял менен ушундай атаганбыз.


Би-Би-Си: Ютюбдун “Бриллиант баскычы” колго тийген учурду айтып берсеңиз

Эрнис: “D Billions” “Бриллиант баскыч” алыптыр деп маалымат чыккандан бир жума мурун чемодан колго тийген. Баары аябай кызыгып, ачып, көрүп жиберели деди. Мен муну өзүм да көрө элекмин, чогулуп, баарыбыз бир учурда көрөбүз деп катып койдум. Себеби командабыздагы бир топ киши эс алууда же шаардан сырткары жүрүшкөн эле. Аларды күтүп, чогуу көрдүк. Ачканда эми... Баарыбыз эле таң калып, аябай карадык. Сүйүнүштү аябай. Азыр айтсам эми көөп кеткендей сезилип каламбы деп да турам. Бирок бул бизге чек болбосо керек деп ойлодум. Буюрса 50 миллиондук, 100 милиондук баскычты алабыз дедим. Азыркыдай темпте жүрсөк канча убакыт керек экенидигин да болжоп койдум.


Би-Би-Си: Ийгилигиңиздердин сыры эмнеде деп ойлойсуз?

Эрнис: Биздин командада го деп ойлойм. Актерлор да абдан талантуу жигиттер. Кыргызстанда мен креативдүү деген жаштардын баары менен кызматташабыз. Бир учурда жыл бою эч кирешеси жок жөн гана иштедик. Ошол учурда бирөө дагы түңүлүп, кол шилтеп басып кеткен жок. Эгер андай болсо азыркы ийгилик болбойт эле. Айына 500 же 700 доллар тапкан мезгилдер болду. Аны 20 балага бөлсөңүз колуна күлкү келе турган акча тиет да. Ошондо да артка кеткен жокпуз, иштей бердик. Биринчи ыр жазабыз, анан ага сценарий, ал режиссерго өтөт. Алар камера мындай турсун, мындай тартсын деп баарын бөлүштүрүп чыгат. Сьемкадан кийин анимацияга беребиз. Кайра ал аранжировкага кайтып келет. Кайрадан үн коштойбуз. Айтор, ушинтип олтуруп бир роликке 20 күн кетет. Биз айына болбоду дегенде 15 ролик тартабыз. Канча күч кетээрин ойлоп көрүңүз. Бир жолу өзүбүздү сынамакка бир айда 25 ролик тарткан учурубуз болду. Бирок, бир нерсени билдик. Санды кууганда сапаттан аксайсың. Ошондуктан ошол кемчиликти кайра кайталабайбыз. Азыр командада чу дегенде эле отуз киши бар, күн сайын кызыгып командага келгендер аябай көбөйүп, сан жагынан да өсүү башталды.


Би-Би-Си: Каналыңыздагы статистикага токтоло кетсек.

Эрнис: "Clap-Clap-Clap, Cha-Cha-Cha" деп аталган ролик бар. Ал дээрлик 2 миллиард жолу көрүлдү. Аман Бердибаевдин ыры, режиссер Али Каниметов. Анимациясын Эркин Кыштообаев даярдаган. "Yummy Fruits & Vegetables" деген ырыбыз бар. Ал менин ырым. Жер-жемишти ням-ням-ням деп жешет. Ал бир миллиард 400 миллионго жетти окшойт. Азыр да көп кишилер мага популярдуу бир нерсе жасайм десең трендди куш керек дешет. Мен ага макул эмесмин. Себеби ал трендди деле адам кылды да. Аны ээрчибеш керек. Мисалы биздин роликтер дагы тренд. Аны деле биз кылдык да.

Би-Би-Си: Бирөнүн чөнтөгүнө кызыгалы, эсептейли деген ниетибиз да жок. Бирок, канал ачып, киреше тапкысы келгендер канча каражат тапса болот деп абдан кызыгып жатышат.

Эрнис: Чоңдор жана балдар үчүн деп контент бөлүнөт. Анын ичинен дагы бөлүнөт. Кыргызстанда миллион киши көрсө ашып кетсе 100-200 доллар табышы мүмкүн. Аны Америкада туруп көрсө ал 3-4 миң доллар болушу ыктымал. Дагы бир өлкөдө мисалы миң доллар. Бир роликти жалаң эле америкалыктар көрбөйт да. Аны ар кайсы материкте, ар башка өлкөдөн көрөт. Ошентип бир роликке ар убакытта ар башка акча чогулуп, анан бир белгилүу сумма топтолот. Балдар конетенти дагы дал ошондой ар кайсы өлкөдөн чогулат. Бир айырмасы суммасы 100 эсе аз десем болот. Мисалы чоңдор үчүн контентте рекламадан 8-9 доллар тапса балдар контенти ал болгону 6 цент. Эми элестетиңиз. Кудайга шүгүр, бизди көргөндөр көп. Бизди Индияда көп көрүшөт. Мен акыркы учурда интернетте ар кандай маалыматтарды көрүп калып жатам. “D Billions” “Бриллиант баскыч” алганда 30 миллион доллар тааптыр, дагы бир жерде 15 миллион деп жүрүшөт. Анын баары калп. Биздин каналды абдан издешти. Ар кайсы өлкөдө биз жөнүндө ар кандай иликтөөлөр да чыгып кетти.


Би-Би-Си: Балдар психологу, балдар жазуучулары балдар аудиториясы абдан сезимтал, ага талаптар, табит такыр башка деп келишет. Сиздер балдар үчүн даярдап жаткан соң сиздерде да балдар психологу барбы?

Эрнис: Эң башкысы апам 40 жылдай убакыттан бери “Ак Шоола” балдар хорун жетекетеп, жалаң балдар менен иштеп келди. Кенедей бир нерсе болсо эле апам менен кеңешем. Андан сырткары мурун ошол эле хордо өзүм да ырдап чоңойдум. Азыр Z мууну деп жатпайбызбы, булар такыр башкача. Айырма аябай чоң. Убагында биз көргөн мультфильмдерди көргүлөрү келбейт, кызыкпайт, көрсө түшүнбөйт. Себеби булардын динамикасы такыр башка. Бир нерсе үйрөтүүдө буларга жеңил, тамашалуу форма керек деп ойлойм. Бизди “ушундай кантип болсун, жинди канал” деп сөккөндөр канча? Ыраазы болгондор канча? Силердин канал аркылуу балам англис тилин үйрөндү дегендер андан көп. Канча адам болсо ошончо пикир. Чыгармачыл кишини сабап кереги да жок, аны эки сөз менен чөктүрүп салууга мүмкүн. Менин дагы бир айтаарым, Кыргызстанда Ютюб десе эле хайптан башы чыкпай, бири-бирин ушактап же аны андан ары улантып, бир укмуш тема коюп, урушту, мушташты, шок, ушундай болуп кетти деген сыяктуу деңгээлден көтөрүлбөй жаткандайбыз. Аны ашып кетсе 300-400 миң киши көрөттүр. Андайларга айтаарым 6 миллион эле киши эмес, 7 миллиард киши бар. Сапаттуу контент даярдап, ошол аудитория үчүн иштесе болот.

Булак: bbc.com

Даярдаган: Абдыбек Казиев, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн